Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 „2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 ноября 2018 года № 519 "Об утверждении Программы статистических работ на 2019 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-11-02.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-марты № 121 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 "2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен өз ара соода боюнча расмий статистикалык маалыматтардын толуктугун камсыздоо жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы соода ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин толук реестрин жүргүзүү максатында, "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 "2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-жылга статистикалык иштердин программасындагы "Улутстаткомдун эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташуусу жана өз ара аракеттенүүсү" 7-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 28-31-пункттар менен толукталсын: "
28
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо жөнүндө маалыматтарды берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтому)
МСК
Ай сайын
29
Салык төлөөчүлөрдүн товарларды ташып кирүү, кыйыр салыктарды төлөө жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча ташылып кирүүчү товарлардын көлөмү жөнүндө арыздарына ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүүчү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 токтому)
МСК
Ай сайын
30
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыккан салык төлөөчүлөр жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча ташылып чыгуучу товарлардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды берүү (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесине ылайык)
МСК
Ай сайын
31
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден республикага жеке жактар тарабынан алып келинген транспорттук каражаттарды алгачкы каттоо жөнүндө маалыматтарды транспорттун түрлөрү боюнча берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтому)
Мамкаттоо
Ай сайын
".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы маалыматтарды алмашуу туруктуу жана акысыз негизде, автоматташтырылган режимде, макулдашылган технологиялар, мөөнөттөр жана көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматтардын купуялуулугу жана коргоо талаптарын сактоону эске алуу менен ишке ашырылары белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 "2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2015 · № 708 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 "2019-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2018 · № 519 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Постановление Правительства КР от 15 февраля 2003 года № 65 "Об утверждении Правил регистрации автомототранспортных средств и прицепов к ним в Государственной автомобильной…Постановление · 15.02.2003 · № 65 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 "2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2015 · № 708 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында…Постановление · 27.01.2016 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 "2019-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2018 · № 519 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.