Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда атайын каражаттарды колдонуунун тартибин жана тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 декабря 2025 года № 820 "Об утверждении Перечня специальных средств, применяемых в охране Государственной границы Кыргызской Республики и Порядка применения специальных средств, используемых в охране Государственной границы Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 820 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-февралы № 90 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда атайын каражаттарды колдонуунун тартибин жана тизмегин бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Т.Сариев
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын ТИЗМЕГИ
1. Уруп шок кылуучу резина таяктары жана электр шок таасири бар приборлор.
2. Укукка каршы же кооптуу аракеттерди чектөө максатында байлоо (жылдырбай салуу) үчүн кол кишендери жана байлоого ылайык каражаттар.
3. Өлүмгө алып келбөөчү (уруп шок кылуучу, көздөн жаш агызуучу, түтүн, жарык, акустикалык) жана имитациялык таасир көрсөтүүчү атайын курал-жарак (тапанчалар, мылтыктар, автоматтар, гранатометтор, гранаталар ж.б.) жана аларга ок-дарылар, ошондой эле штаттык куралга өлүмгө алып келбеген, бирок ошондой абалга келтирүүчү жана имитациялык таасир көрсөтүүчү атайын ок-дарылар.
4. Жеке жана жамааттык коргонуу каражаттары (бронещиттер, бронежилеттер, бронешлемдер, коргоо костюмдары), ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда жана атайын аракеттерди (операцияларды) көрүүдө жеке жана жамааттык коргонуу каражаттары.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда жана атайын аракеттерди (операцияларды) көрүүдө бөлмөлөрдү, эшиктерди ачуу, транспорт каражаттарынын (автомобилдердин, темир жол вагондорунун), ошондой эле айнектүү башка объекттердин айнектерин сындыруу үчүн түзүлүштөр.
6. Транспорт каражаттарын мажбурлап токтотуу үчүн түзүлүштөр.
7. Дегазациялоо, дезактивациялоо, дезинфекциялоо, радиациялык, химиялык чалгындоо жана радиоактивдүү нурданууну контролдоо каражаттары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабры № 820 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмегин…Постановление · 24.12.2025 · № 820
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 90…Порядок · 26.02.2016
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабры № 820 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмегин…Постановление · 24.12.2025 · № 820
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон