Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-февралы № 89 Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө Калктын саламаттыгын сактоо, адамдын өмүрү үчүн коркунучтарды четтетүү, айыл чарба жана башка үй жаныбарларын оорулардан сактоо, эл чарбасына, жаныбарлар дүйнөсүнө жана анын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүүгө бөгөт коюу, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин арасында экологиялык тең салмактуулукка жетишүү, ошондой эле карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иштерди активдештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карышкырларды жана чөөлөрдү атып алгандыгы үчүн (бир башка эсептегенде) төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү сый акы белгиленсин: карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн - 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн (учурдагы жылдын 1-октябрына чейин атып алынган бөлтүрүк) - 1500 сом, чөө үчүн - 2000 сом.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги сыйлыктарды төлөп берүүгө жана карышкырлардын, чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө атайын каражаттардын эсебинен алты миллион сом өлчөмүндө жыл сайын каржылоону карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча зарыл иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча өз каражаттарынын эсебинен тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз каражаттарынын эсебинен карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча зарыл иш-чараларды жүзөгө ашырууда тиешелүү чараларды жүргүзүү жагы сунушталсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндөгү" № 509 токтому;
- "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 31-декабрындагы № 774 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жөнүндөгү" № 38 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө" № 509 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" № 249 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" № 183 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" № 703 токтому.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 8-мартында N 19 жарыяланды
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө" жобосуПоложение · 26.02.2016 · № 89
- Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-июлундагы №47 «Тогуз-Торо айыл аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп…Постановление · 25.07.2025 · № 47
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 2 сентября 1997 года №509 "О государственной поддержке мероприятий по регулированию численности волков и шакалов"Постановление · 02.09.1997 · № 509
- Постановление Правительства КР от 23 января 2002 года N 38 "О мероприятиях по регулированию численности волков и шакалов"Постановление · 23.01.2002 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 1997 года N 774 " О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 сентября 1997 года N 509 "О…Постановление · 31.12.1997 · № 774
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2004 года №249 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 сентября 1997 года № 509 "О…Постановление · 12.04.2004 · № 249
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча…Постановление · 03.09.2010 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча…Постановление · 04.11.2011 · № 703