# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18726/edition/749091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (20.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98381

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-февралы № 81 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жободо:

- 4-пункттагы "Юридикалык" деген сөз "Почталык" деген сөз менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:

"9-1. РОРАБӨМ спорттун жайылтылган түрлөрү боюнча курама командалардын курамдарын курак боюнча түзөт жана бекитилген бюджеттердин чегинде спорттук-массалык иш-чаралардын календарлык планына ылайык иш-чараларды каржылайт.";

- 17-пункт "фехтование" деген сөздөн кийин ", сууда сүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 19-пунктта:

мамлекеттик тилдеги текст "окуу-машыгуу жыйындарын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле спорттук лагерлерде 18 күнгө чейин спорттук-ден соолукту чыңдоо жыйындарын" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын; расмий тилдеги текст "к международным соревнованиям" деген сөздөрдөн кийин ", а также спортивно-оздоровительные сборы в спортивном лагере до 18 дней" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;

- 27-пунктта:

мамлекеттик тилдеги текст "акысыз пайдаланууга" деген сөздөрдөн кийин ", окуу-машыгуу жыйындарга жана мелдештерге катышуу мезгилинде тамак-аш, түнөк, дары-дармектер менен камсыз болууга" деген сөздөр менен толукталсын; расмий тилдеги текст "они находятся" деген сөздөрдөн кийин ", обеспечиваться питанием, проживанием, медикаментами в период учебно-тренировочных сборов и участия в соревнованиях" деген сөздөр менен толукталсын;

- 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- имаратка техникалык паспорт;

- жерди мөөнөтсүз бөлүү же ижарага берүү жөнүндө актылар;

- бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын жылдык сметасы;";

- 35-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 4-мартында N 18 жарыяланды

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Т.Сариев
