Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 18-марты № 135 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 331-пункт менен толукталсын:
"331. Товарлардын бааларында, ярлыктарында жана көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранттарында акчалай милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен ченелери белгиленсин."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо эрежелеринде:
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын бааларында, ярлыктарында акчалай милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен ченелери белгиленсин."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде: 2-пункт "баасы" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону алымдардын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында белгилөө бөлүгүндө кайрадан карап чыксын.
4. Министрликтер, административдик ведомстволор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2016-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө укуктук ченемдик актыларга товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын наркын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүү боюнча милдеттүү талаптарды белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизишсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун)Правила · 30.09.2014 · № 560
- "Правила торговли изделиями из драгоценных металлов и драгоценных камней" (Приложение 2 к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 30 сентября 2014 года № 560)Правила · 30.09.2014 · № 560
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө"тТоктомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 июня 1998 года №346 "Об утверждении Положения о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию…Постановление · 12.06.1998 · № 346 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишиндеги атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун…Положение · 30.09.2014 · № 560
- "Правила работы пунктов скупки у населения драгоценных металлов, камней и изделий из них" (Приложение 3 к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 30 сентября 2014…Правила · 30.09.2014 · № 560
- Положение о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию товарных знаков, знаков обслуживания, наименований мест происхождения…Положение · 12.06.1998 · № 346 · Күчүн жоготкон
- 1999-жылдын 26-мартындагы N 174 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.1999 · № 174 · Күчүн жоготкон