# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 815
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18716/edition/1189820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98371

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 2-декабры № 815 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору 2016-жылдын 1-январынан тартып шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын жана шайкештик белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн голографиялык маркаларды берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору 2016-жылдын 1-январынан тартып продукцияларды сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдарды зарыл болгон санда шайкештик сертификаттарынын бланктары, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктары жана шайкештик белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн голографиялык маркалар менен акы төлөнүүчү негизде камсыз кылсын жана берилген бланктардын жана голографиялык маркалардын эсебин жүргүзсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т.Сариев
