# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 772
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18705/edition/1014836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98360

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 16-ноябры № 772 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-жылдын 23-июнундагы № 396 токтому менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралар планын өз убагында сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда токтом менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралардын планында:

- 4-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын июнь-июлу, 2016-жылдын февраль-марты" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын ноябры, 2016-жылдын майы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын июнь-декабры" деген цифралар жана сөздөр "2015-2016-жылдар" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;

- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-пунктунда:

"Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын февраль-март айлары" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын октябрь-ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; "Чаралар" графасындагы "Сатыкка чыгарылган баалардын дүң жана чекене кошумчаларын аныктоону контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;

- 21-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ, МСК, Монополияга каршы агенттик" деген аббревиатуралар жана сөздөр "Монополияга каршы агенттик, МСК, ЭМ" деген сөздөр жана аббревиатуралар менен алмаштырылсын;

- 24-пунктунда:

"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Агроөнөр жай секторунда инвесторлор үчүн атайын преференциялардын реестрин иштеп чыгуу жана бекитүү"; "Күтүлүүчү натыйжалар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жүргүзүлгөн талдоолордун натыйжасы жана инвестициялык стимулдардын бекитилген тизмеги (реестри)";

- 26-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын августу" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 27-пунктунда:

"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестицияларды тартуу үчүн сапаттуу бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу"; "Чаралар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бизнес-долбоорлордун жана инвестициялык сунуштардын стандарттык формасын иштеп чыгуу"; "Күтүлүүчү натыйжалар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Артыкчылыктуу тармактардагы сапаттуу инвестициялык долбоорлорду топтоо процессин оптималдаштыруу";

- 28-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2016-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 38-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын октябры" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 39-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 43-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ТИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 48-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ" деген аббревиатура алып салынсын;

- 49-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 50-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 51-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 53-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 54-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасында:

"2015-жылдын 1-августуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 15-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- "2015-жылдын 25-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 15-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 55-пунктунун "Күтүлүүчү натыйжалар" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу" деген сөздөр "Иш жүзүндөгү аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 57-пунктунда:

"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "КНС боюнча каттоо босогосун жогорулатуу"; "Чаралар" графасындагы "8,0" цифралары "6,0" цифралары менен алмаштырылсын; "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 58-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 60-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ, МБК" деген аббревиатуралар "ТжКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т.Сариев
