Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 „Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 9 марта 2020 года № 138 "Об организации работы в рамках Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-03-09.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 16-ноябры № 772 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-жылдын 23-июнундагы № 396 токтому менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралар планын өз убагында сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда токтом менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралардын планында:
- 4-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын июнь-июлу, 2016-жылдын февраль-марты" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын ноябры, 2016-жылдын майы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын июнь-декабры" деген цифралар жана сөздөр "2015-2016-жылдар" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктунда:
"Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын февраль-март айлары" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын октябрь-ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; "Чаралар" графасындагы "Сатыкка чыгарылган баалардын дүң жана чекене кошумчаларын аныктоону контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 21-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ, МСК, Монополияга каршы агенттик" деген аббревиатуралар жана сөздөр "Монополияга каршы агенттик, МСК, ЭМ" деген сөздөр жана аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- 24-пунктунда:
"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Агроөнөр жай секторунда инвесторлор үчүн атайын преференциялардын реестрин иштеп чыгуу жана бекитүү"; "Күтүлүүчү натыйжалар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жүргүзүлгөн талдоолордун натыйжасы жана инвестициялык стимулдардын бекитилген тизмеги (реестри)";
- 26-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын августу" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пунктунда:
"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестицияларды тартуу үчүн сапаттуу бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу"; "Чаралар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бизнес-долбоорлордун жана инвестициялык сунуштардын стандарттык формасын иштеп чыгуу"; "Күтүлүүчү натыйжалар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Артыкчылыктуу тармактардагы сапаттуу инвестициялык долбоорлорду топтоо процессин оптималдаштыруу";
- 28-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2016-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын октябры" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 43-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ТИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 48-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ" деген аббревиатура алып салынсын;
- 49-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 50-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 51-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 53-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 54-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасында:
"2015-жылдын 1-августуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 15-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "2015-жылдын 25-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 15-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 55-пунктунун "Күтүлүүчү натыйжалар" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу" деген сөздөр "Иш жүзүндөгү аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 57-пунктунда:
"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "КНС боюнча каттоо босогосун жогорулатуу"; "Чаралар" графасындагы "8,0" цифралары "6,0" цифралары менен алмаштырылсын; "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 58-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 60-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ, МБК" деген аббревиатуралар "ТжКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2020 · № 138
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча…Постановление · 23.06.2015 · № 396 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2020 · № 138
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча…Постановление · 23.06.2015 · № 396 · Күчүн жоготкон