# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18672/edition/694793/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98317

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 18-январы № 16 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын тарифтери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А.Сариев

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын ТАРИФТЕРИ

Жүк ташуучу транспорт каражатынын бир бирдиги үчүн жылдык камсыздандыруу сыйлыгы камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө базалык камсыздандыруу тарифинин көбөйтүндүсүнө барабар. Камсыздандыруунун базалык тарифи 1 пайызга барабар. Белгиленген базалык тариф жылдык болуп эсептелет. Ар бир жүк ташуучу транспорт каражатына камсыздандыруу келишими өзүнчө түзүлөт. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы кооптуу жүктүн классына жана жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк көтөрүмдүүлүгүнө көз каранды жана төмөнкү таблицага ылайык белгиленген минималдуу камсыздандыруу суммасынан аз болбошу керек:

Тобокелдик классы

Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү, сом менен

Жүк ташуучу транспорт каражаты

2,5 тоннага чейин

5 тоннага чейин

7,5 тоннага чейин

10 тоннага чейин

12,5 тоннага чейин

15 тоннага чейин

20 тоннага чейин

20 тоннадан жогору

1-класс - жарылгыч заттар

1500000

300000

5500000

800000

10500000

13000000

17000000

20000000

2-класс - кысылган, суюлтулган жана басым менен эритилген газдар

500000ден баштап 1000000го чейин

1000000дон баштап 2000000го чейин

1750000ден баштап 3500000ге чейин

3250000ден баштап 5000000 чейин

3250000ден баштап 6500000ге чейин

4000000дон баштап 8000000го чейин

5000000дон баштап 10000000го чейин

6000000дон баштап 12000000го чейин

3-класс - тез күйүүчү суюктуктар

500000ден 10000000го чейин

1000000дон 2000000го чейин

1750000ден 3500000ге чейин

2500000ден 5000000го чейин

3250000ден 6500000ге чейин

4000000дон 8000000го чейин

5000000дон 10000000го чейин

6000000дон 12000000го чейин

4-класс - тез күйүүчү заттар жана материалдар

1500000

3000000

5500000

8000000

10500000

1300000

17000000

2000000

5-класс - кычкылдануучу заттар жана органикалык өтө кычкылдар

1500000

3000000

5000000

7000000

9000000

11000000

13000000

16000000

6-класс - уулуу (ууландыруучу) заттар

150000

3000000

5500000

8000000

10500000

13000000

17000000

2000000

7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар

2000000

4000000

7000000

10000000

13000000

16000000

20000000

24000000

8-класс - ачыштыргыч жана коррозиялык заттар

1500000

3000000

5000000

7000000

9000000

11000000

13000000

16000000

9-класс - башка коркунучтуу заттар

1500000

3000000

5000000

7000000

9000000

11000000

13000000

16000000

Үчүнчү жактын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчилик лимити бир адамга 300000 (үч жүз миң) сомду түзөт. Темир жол транспорту үчүн Темир жол транспорту менен кооптуу жүк ташууда жарандын жоопкерчилигин камсыздандыруучу транспорттук каражат жүк ташууну ишке ашыруучу темир жол курамы болуп саналат. Тобокелдиктердин бардык класстары үчүн камсыздандыруу суммасынын бирдей минималдуу өлчөмү 12000000 (он эки миллион) сом өлчөмүндө белгиленет. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча кыска мөөнөттүүлүктүн таблицасы Камсыздандыруу келишимин он эки айдан аз мөөнөткө түзүүдө камсыздандыруу сыйлыгынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет:

№

Камсыздандыруу мөөнөтү

Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу сыйлыгынан пайыз менен)

1

Толук 15 күн

10

2

толук 1 ай

20

3

толук 2 ай

30

4

толук 3 ай

40

5

толук 4 ай

50

6

толук 5 ай

60

7

толук 6 ай

70

8

толук 7 ай

75

9

толук 8 ай

80

10

толук 9 ай

85

11

толук 10 ай

90

12

толук 11 ай

95

13

толук 12 ай

100

".
