Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 „Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2018 года № 291 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 14-январы № 6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттарында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- мамлекеттик тилдеги бүткүл текстте "Спорт агенттиги" деген сөздөр "Жаштар жана спорт агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги бүткүл текст боюнча "ГАФКС" деген аббревиатура "ГАМФКС" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунда:
"Иш-чаралардын аталыштары" деген графадагы "колледжге" деген сөз "зээндүү балдар үчүн адистештирилген спорттук мектепке" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Аткаруу мөөнөтү" деген графадагы "2015-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4, 9 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктунда:
"Иш-чаралардын аталыштары" деген графадагы "Айыл өкмөттөрдүн штаттарына массалык дене тарбия жана спорт боюнча инструктордун бирдигин ачуу" деген сөздөр "Айыл өкмөттүн адистеринин бирине массалык дене тарбия жана спорт инструкторунун функцияларын жүктөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Ишке ашыруу формасы" деген графадагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Аткаруу мөөнөтү" деген графадагы "2015-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2016-2017-жылдар" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы "Аткаруу мөөнөтү" деген графадагы "2015-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Дене тарбия жана спортту башкаруу тутумун модернизациялоо" деген глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1, 8-2-пункттар менен толукталсын:
"
8-1
Спорттун оюндук түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин ачуу
Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу
2016-жылдын I кварталы
Жаштар жана спорт агенттиги
Бекитилген бюджеттин чегинде
Спорттун оюн түрлөрү менен машыккандардын санын көбөйтүү, эл аралык спорттук аренада натыйжалуулукту арттыруу
8-2
Баткен облусунун Лейлек районунда балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебин ачуу
Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу
2016-жылдын I кварталы
Жаштар жана спорт агенттиги
Бекитилген бюджеттин чегинде
Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү, чек ара аймактарын өнүктүрүү
";
- "Калкты, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга шыктандыруу механизмдерин иштеп чыгуу" деген глава төмөнкүдөй мазмундагы 15-1, 15-2-пункттар менен толукталсын:
"
15-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинде спартакиадаларды өткөрүүдө байге фонду үчүн каражатты кароо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
2016-жылдын IV кварталы
Жаштар жана спорт агенттиги
Бекитилген бюджеттин чегинде
Дем берүү механизмдерин киргизүүнүн эсебинен дене тарбия жана спорт менен машыккандарды көбөйтүү
15-2
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортсмендердин жетишкендиктери жөнүндө видеороликтерди даярдоо жана көрсөтүүнү уюштуруу
Практикалык иштер
2016-жылдын II-III кварталдары
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги
Бекитилген бюджеттин чегинде
Дене тарбия жана спорт менен машыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын санын көбөйтүү
";
- "Дене тарбия жана спорт тармагын кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу" деген глава төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"
18
Спорт боюнча райондук инструкторлордун жана айыл өкмөттөрүндөгү массалык дене тарбия жана спорт боюнча инструкторлордун квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу
Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу
2016- жылдын II-III кварталдары
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги
Бекитилген бюджеттин чегинде
Региондордо спорт боюнча ишти жакшыртуу
";
- Кыскартуулардын тизмесинде:
мамлекеттик тилдеги текстте "Спорт агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Жаштар жана спорт агенттиги -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; расмий тилдеги текстте "ГАФКС - Государственное агентство физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики" деген аббревиатура жана сөздөр "ГАМФКС Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстте "Курулуш агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "ЖӨБ жана этностор агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын; расмий тилдеги текстте "ГААСЖКХ - Государственное агентство архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики" деген аббревиатура жана сөздөр "ГАМСУМО - Государственное агентство по делам местного самоуправления и межэтнических отношений при Правительстве Кыргызской Республики" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.05.2014 · № 254 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.05.2014 · № 254 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата ПРОГРАММАСЫ" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 токтому…Программа · 12.05.2014 · № 254 · Күчүн жоготкон