# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 "Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 "Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 783
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18668/edition/694781/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 "Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98312

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2001-жылдын 11-декабры № 783 Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө

Турак жай-коммуналдык чарбаны реформалоодо калктын социалдык корголушун камсыздоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 47-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн тиркелген Эрежелери бекитилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүчү бардык субьекттер бул токтом жарыялангандан кийин бир айдын ичинде калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүгө келишимдерди (контракттарды) бекитилген Эрежелерге аныкталган тартипте ылайык келтиришсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана региондук өнүктүрүү башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссияга тапшырылсын.

Биринчи вице-премьер-министр

Н.Танаев
