Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтγнγн «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Ѳкмѳтγнγн чакан жана орто бизнестин товарларын берγγсγ жѳнγндѳ долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Япония Ѳкмѳтγнγн ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 16-январы № 11 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Ѳкмѳтγнγн чакан жана орто бизнестин товарларын берγγсγ жѳнγндѳ долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Япония Ѳкмѳтγнγн ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳмѳндѳгγ тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Ѳкмѳтγнγн чакан жана орто бизнестин товарларын берγγсγ жѳнγндѳ долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Япония Ѳкмѳтγнγн ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Ѳкмѳтγнγн чакан жана орто бизнестин товарларын берγγсγ жѳнγндѳ долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Япония Ѳкмѳтγнγн ортосундагы алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Ѳкмѳтγнγн чакан жана орто бизнестин товарларын берγγсγ жѳнγндѳ долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Япония Ѳкмѳтγнγн ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациилоо жѳнγндѳ
1-берене Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Ѳкмѳтγнγн чакан жана орто бизнестин товарларын берγγсγ жѳнγндѳ долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Япония Ѳкмѳтγнγн ортосундагы алмашуу ноталары ратификациялансын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлига жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын кγчγнѳ кирγγсγ γчγн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргаз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жѳнγндѳ Япония тарапка билдирсин.
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн тартып он кγн ѳткѳндѳн кийии кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 356-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү…Постановление · 10.03.2016 · № 356-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы № 406-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү…Постановление · 30.03.2016 · № 406-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз…Закон · 21.05.2016 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.