# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 "Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 "Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 894
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18649/edition/694863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 "Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98287

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 29-декабры № 894 Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар менен операцияларга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу жана казылып алынган баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аны контролсуз башка өлкөлөргө ташып чыгууга бөгөт коюу максатында “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо күчүнө киргенге чейин колдонулат.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
