# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 "Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 "Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 889
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18642/edition/873704/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 "Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (21.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98279

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 29-декабры № 889 Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө жөнүндө жана лицензияларды берүү тууралуу чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүнүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери аталган токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Аталган токтом 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
