Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 21 января 2026 года № 18 "Об утверждении Правил распределения и учета объемов тарифных квот между участниками внешнеторговой деятельности на ввоз на территорию Кыргызской Республики отдельных видов мяса"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-01-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 29-декабры № 889 Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө жөнүндө жана лицензияларды берүү тууралуу чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүнүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери аталган токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Аталган токтом 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын аймагына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин…Постановление · 21.01.2026 · № 18
- Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери (Кыргыз…Правила · 29.12.2015 · № 889 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомуПостановление · 23.05.2018 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 "Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн…Постановление · 23.05.2018 · № 252 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын аймагына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин…Постановление · 21.01.2026 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.