# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 886
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18640/edition/721855/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98277

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 28-декабры № 886 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

- “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун

Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын

Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө

1-берене Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылы Жангарач айылына өзгөртүлүп аталсын.

2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти
