# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 885
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18639/edition/694839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (28.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98275

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 28-декабры № 885 Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө Кооптуу калдыктар менен иштөө жаатында калк үчүн экологиялык жагымдуу шарттарды камсыз кылууда көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламенти” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
