# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 880 "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 880 "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 880
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2015
- Редакциянын күнү: 24.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18636/edition/1288469/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 880 "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98271

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 567 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 24-декабры № 880 Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
