Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 869 Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары - QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Тизмекке ылайык ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана (же) юридикалык жактар банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- жалпы колдонуудагы телекоммуникациялык тармагы жок жерде жайгашкандарды;
- өздөрү өндүргөн айыл чарба продукцияларынын дүң жана чекене сатуу тармагында иштеген жеке ишкерлерди жана (же) юридикалык жактарды;
- стационардык эмес соода объекттери аркылуу ишке ашырылуучу ишти.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ушул токтомдун тиркемесинде аталган иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар тарабынын банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотуу жана колдонуу иштерин уюштурууну камсыз кылуу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Кыргызстандын Банктар союзу" юридикалык жактар бирикмесине, коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулар (программалык-техникалык орнотмо) менен камсыздоо;
- банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотуу тууралуу арыз берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу келип түшкөндө аны орнотуу жана колдонуу боюнча консультацияларды жана окутууларды өткөрүүдө зарыл болгон техникалык көмөк көрсөтүү;
- калк үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана төлөм карталарынын жагымдуулугун жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дайыма жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 29-декабрында № 124 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Т.Сариев
Тиркеме Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Иштин түрү
1
Соода аянты 20 квадраттык метрден жана андан жогору дүң жана чекене сатуу (анын ичинде, соода борборлорунда жайгашкан түйүндөрдө товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр)
2
Дарыкана жана дарыкана пункттары аркылуу дары-дармек каражаттарын сатуу
3
Авто май куюу станцияларында мунай продуктуларын чекене сатуу
4
Коомдук тамактануунун кызмат көрсөтүүсү
5
Медициналык кызмат көрсөтүү
6
Мейманканалык кызмат көрсөтүү
7
Туристтик кызмат көрсөтүү
8
Темир жол, суу, аба жана жерде жүрүүчү транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга билеттерди сатуу
9
Автотранспорт каражаттарын оңдоо, техникалык тейлөө жана прокатка берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү
10
Камсыздандыруу кызматын көрсөтүү
11
Интернет тармагында товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр
12
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү
13
Ден соолукту чыңдоо жана спорт боюнча кызмат көрсөтүүлөр, оюн-зоок кызмат көрсөтүүлөрү (боулинг, кинозал, ар түрдүү game-зоналар ж.б.)
14
Юридикалык жана нотариустук кызмат көрсөтүүлөр
15
Стационардык жайларда косметикалык жана чач тарач кызмат көрсөтүүлөрү
16
Сауна, мончо кызматтарын көрсөтүү
17
Үйлөнүү үлпөтү салондорунда кызмат көрсөтүү
18
Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 447-VII "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 30.06.2022 · № 447-VII
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы…Направления · 13.12.2017 · № 2017-П-14/51-7-(ПС)
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программа (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Программа · 29.12.2023 · № 737/67-7
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 24.12.2020 · № 623
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 03.12.2019 · № 650
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу жана…Постановление · 11.01.2025 · № 7
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА (үчүнчү этап)Программа · 28.03.2018 · № 166/51-6 · Күчүн жоготкон
- "Об основных направлениях развития платежной системы Кыргызской Республики на 2023-2027 годы"Постановление · 29.03.2023 · № 2023-П-14/20-4-(ПС)
- О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об утверждении Правил проведения платежей и переводов с использованием двухмерных…Постановление · 24.08.2022 · № 2022-П-14/53-4-(ПС)
Шилтеме берет (5)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу жана…Постановление · 11.01.2025 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.