Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 „Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 875 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, техникалык жана башка пландуу иштерди модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-4-пункт менен толукталсын:
"1-4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун жана бошотулган каражаттарды көчмө теле студияны сатып алууга жумшасын. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго отчет берсин.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон