# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 878
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18627/edition/818885/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98260

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 24-декабры № 878 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу Балдардын жана турмуштук оор кырдаалда калган жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
