# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабры № 876 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабры № 876 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 876
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18626/edition/694923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабры № 876 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98259

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 876 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”

1-берене “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2009-жылдын 3-февралы № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 10-беренеде: “ыйгарым укуктуу салык органы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
