# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 870 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 870 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 870
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18623/edition/694917/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 870 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (23.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98256

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 870 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Электр энергиясын берүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 58-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "58. Керектөөчү менен лицензиаттын ортосунда керектелген электр энергиясын жана кубаттуулуктарды эсептөө үчүн Ченөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана Кыргыз Республикасында эсеп жүргүзүүлөрдө пайдаланууга уруксат берилген электр кабылдагычтардын иш мүнөзүнө шайкеш келген эсепке алуунун коммерциялык каражаттары же ЭКЭАС колдонулушу керек, ошол эле учурда керектелген электр энергиясын эсептөөдө тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн ЭКЭАС колдонулушу керек.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
