# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 841
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18621/edition/1179403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98254

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 7-декабры № 841 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2015-жылдын 13-августундагы № 224 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 16-пункту "курман болгон адамдардын балдары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдар жана курман болгондордун балдары" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
