# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 852 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 852 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 852
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18610/edition/694978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 852 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98241

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-декабры № 852 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кээ бир кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:

“21. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директоруна жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлердин жарым жылдык жана жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө эмгектин жогорку жана сапаттуу жыйынтыктары, кесипкөй жана чыгармачыл демилгелерди көрсөткөндүктөрү үчүн кызматкерлерге дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.

22. Ушул токтомдо каралбаган техникалык жана кенже тейлөө персоналдардын эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтому менен жөнгө салынаары белгиленсин.”;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

“

4

Адис

10000

”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
