# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 844
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18606/edition/694970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (08.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98237

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 8-декабры № 844 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене “Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү “Башкы” деген сөз “Генералдык” деген сөз менен алмаштырылсын.

2-берене “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 121-берененин 6-бөлүгүндөгү “Башкы” деген сөз “Генералдык” деген сөз менен алмаштырылсын.

3-берене “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1005-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берененин 2-бөлүгүнүн он сегизинчи абзацындагы “Башкы” деген сөз “Генералдык” деген сөз менен алмаштырылсын;

2) 9-берененин 1-бөлүгүндөгү “Башкы” деген сөз “Генералдык” деген сөз менен алмаштырылсын.

4-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
