Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 „Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу“ токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 сентября 2019 года № 446 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-02.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 7-декабры № 839 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарынын аталыштарын, текшерүү мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү максатында, «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо:
төмөнкүдөй мазмундагы 8.1-пункт менен толукталсын: «8.1. Метрология боюнча улуттук орган мезгилдүү текшерүүлөрдүн натыйжаларын эсепке алууга жана аларды колдонуунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен текшерүүлөрдүн ортосундагы аралыкты оңдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга милдеттүү.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме
«3-тиркеме
Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү
№
Ченөө каражаттарынын аталышы
Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү
Эскертүү
1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө
1
Сүт, вино жана вино материалдары үчүн автоцистерналар
Жылына 1 жолу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 87 «Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык
2
Мунай продуктулары үчүн автоцистерналар
Жылына 1 жолу
3
Отун жана май таркатуучу колонкалар
Жарым жылда 1 жолу
4
Мунай, мунай продуктулары үчүн эсептегичтер
Жылына бир жолу
5
Мунай продуктулары үчүн резервуарлар
5 жылда 1 жолу
6
Суюлтулган газды таркатуучу колонкалар
Жарым жылда 1 жолу
7
Суюктуктун жана газдын чыгым ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
8
Ротаметрлер
Жылына 1 жолу
9
Дозаторлор:
пипеткалык
Жылына 1 жолу
поршендик
Жылына 1 жолу
10
Сүт өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
11
Суусундуктарды чыгаруу үчүн чендер (айнектен жасалган)
Өндүрүштөн чыкканда
12
Суюк азыктардын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары
Жарым жылда 1 жолу
13
Спирт жана башка өнөр жай суюктуктары жана азыктар үчүн эсептегичтер
Жылына 1 жолу
14
Аспираторлор
Жылына 1 жолу
15
Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык)
Жылына 1 жолу
16
Суюктукту чыгаруу үчүн чендер (металлдан)
Жылына 1 жолу
17
Сыйымдуулук чендери (айнектен)
Өндүрүштөн чыкканда
18
Көчмө чендер
Жылына 1 жолу
19
1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык)
2 жылда 1 жолу
20
Өнөр жай суу эсептегичтери
Жылына 1 жолу
21
Тиричиликтик суу эсептегичтери
Паспорттогу маалыматтарга ылайык
22
Өнөр жай жылуулук эсептегичтери
Жылына 1 жолу
23
Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери
Паспорттогу маалыматтарга ылайык
24
Өнөр жай газ эсептегичтери
Жылына 1 жолу
25
Тиричиликтик газ эсептегичтери
Паспорттогу маалыматтарга ылайык
26
Түтүгү жука суу агызгычтар:
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:
бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат
5 жылда 1 жолу
3 жылда 1 жолу
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (суу каптап кеткен, чөп басып кеткен) кийин алар суунун алдында калышы мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:
бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
2 жылда 1 жолу
27
Түп босоголуу суу агызгычтар:
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:
бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат
4 жылда 1 жолу
3 жылда 1 жолу
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (суу каптап кеткен, чөп басып кеткен) кийин алар 0,75тен жогору болушу мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:
бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
2 жылда 1 жолу
28
Чыгым ченегич ноолор:
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:
бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
2 жылда 1 жолу
29
Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер:
- бьефтин жогору жагында суунун агымынын режими - жай, кошумча коюлган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суунун агымы суунун астынан өтөт, курулманын айланасында ири фракциялардын суу менен агып келүүчү агындылары чогулбайт
3 жылда 1 жолу
30
«Белгиленген нук» тибиндеги чыгым эсептегичтер:
- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, суу эсептегич курулмалар:
бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат
5 жылда 1 жолу
3 жылда 1 жолу
- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (суу басып кеткен, чөп басып кеткен) суу эсептегич курулмалар:
бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат
3 жылда бир жолу
2 жылда 1 жолу
31
Кол, табак анемометрлери (бардык типте)
Жылына 1 жолу
32
Индукциялык анемометрлер (бардык типте)
Жылына 1 жолу
33
Канатчалуу анемометрлер (бардык типте)
Жылына 1 жолу
34
Метроштоктор
Жылына 1 жолу
35
Лоту бар рулеткалар
Жылына 1 жолу
36
Узундуктун штрихтүү, анын ичинде брустуу чендери
Жылына 1 жолу
37
Шахта интерферометрлери
Жарым жылда 1 жолу
38
Деңгээл чендери
Жылына 1 жолу
39
Булгаары ченөөчү машиналар (булгаары калыптарынын жана үлгүлөрүнүн аянтын ченөөчү машиналар)
Жылына 1 жолу
40
Булгаары ченөөчү калыптар
Жылына 1 жолу
41
Кездеменин узундугун ченөөчү машиналар жана үстөлдөр
Жылына 1 жолу
42
Контролдук электер
Жылына 1 жолу
43
Контролдук жол калыптар
Жылына 1 жолу
44
Теодолиттер
Жылына 1 жолу
45
Камералуу жана камерасыз диафрагмалар
Жылына 1 жолу
46
Суу агымынын ылдамдыгын ченегичтер
Жылына 1 жолу
47
Суу агымынын ылдамдыгын ченегичти текшерүүчү түзүлүштөр
2 жылда 1 жолу
48
Суунун деңгээлин ченегичтерди текшерүүчү түзүлүштөр
Паспорттогу маалыматтарга ылайык
2. Механикалык чоңдуктарды ченөөлөр
49
Клейковинанын деформациясын ченегич
Жылына 1 жолу
50
Маятниктүү копрлар
Жылына 1 жолу
51
Салмак ченөөчү приборлор, түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
52
Гирялар
Жылына 1 жолу
53
Бардык типтеги динамометрлер
Жылына 1 жолу
54
Динамометрлик ачкычтар
Жылына 1 жолу
55
Сыноочу машиналар
Жылына 1 жолу
56
Гидравликалык пресстер
Жылына 1 жолу
57
Бардык типтеги катуулукту ченөө приборлору
Жылына 1 жолу
58
Пуркалар
Жылына 1 жолу
59
Секунда ченегичтер
Жылына 1 жолу
60
Саат, механикалык, электрдик, санариптик тахометрлер (бардык типте)
Жылына 1 жолу
61
Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар
2 жылда 1 жолу
62
Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын ченегичтер
Жылына 1 жолу
63
Таксометрлер
Жылына 1 жолу
64
Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери
Жылына 1 жолу
3. Басымды, вакуумду ченөөлөр
65
Суюктуктардын, буунун жана газдын чыгымын ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор)
Ченөө каражаттарын текшерүү мөөнөтүндө
66
Шахтадагы компрессометрлер жана оордук ченегичтер
2 жылда 1 жолу
67
Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралыктык манометрлер (бардык тиби)
Жылына 1 жолу
68
Сфигмоманометрлер, тонометрлер
Жылына 1 жолу
69
Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер
2 жылда 1 жолу
70
Микроманометрлер
2 жылда 1 жолу
71
Эңкейиш түтүктүү микроманометрлер
Жылына 1 жолу
72
Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер
Жылына 1 жолу
73
Суюктук манометрлери, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер
2 жылда 1 жолу
74
Төмөнкү абсолюттук басымдардын манометрлери
Жылына 1 жолу
75
“Сапфир”, “Метран”, ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр
Жылына 1 жолу
76
Дифманометрлерди-чыгым ченегичтерди текшерүү үчүн алып жүрүүчү приборлор
Жылына 1 жолу
77
Барометр-анероид
Жылына 1 жолу
78
Ашыкча басым датчиктери
Паспорттук маалыматтарга ылайык
4. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин ченөө
79
Металл спирт ченегичтер
Жылына 1 жолу
80
Мунай өнүмдөрүнүн күйүү температурасын аныктоочу приборлор
2 жылда 1 жолу
81
рН-метрлердин комплекттери (бардык типтеги)
Жылына 1 жолу
82
рН-метрлерге, нитрат ченегичтерге жана анализаторлорго электроддор
Жылына 1 жолу
83
Тыгыздык ченегичтер
Жылына 1 жолу
84
Май ченегичтер
Өндүрүштөн чыкканда
85
Вольтамперометрдик полярографтар жана анализаторлор
Жылына 1 жолу
86
Кондуктометрлер
Жылына 1 жолу
87
ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору
Жарым жылда 1 жолу
88
АН-7529, ГОУ тибиндеги лабораториялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
89
Уулуу, күйүүчү, жарылуу кооптуулугу бар газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана газ анализаторлору
Жарым жылда 1 жолу
90
УГ-2 тибиндеги газ анализаторлоруна сынам алуучу түзүлүштөр
2 жылда 1 жолу
91
ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык эксплозиметрлер (көчмө)
Жарым жылда 1 жолу
92
Түтүн ченегичтер
Жылына 1 жолу
93
Абадагы чаңдын бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын ченегичтер
Жылына 1 жолу
94
Электр химиялык сенсорлуу уулуу газдын сигнализаторлору жана газ анализаторлору
3 айда 1 жолу
95
Хроматографтар
Жылына 1 жолу
96
Бардык типтеги материалдардын жана каражаттардын нымдуулугун ченегичтер
Жылына 1 жолу
97
Бардык типтеги ион ченегичтер
Жылына 1 жолу
98
Бардык типтеги ареометрлер
Жылына 1 жолу
99
Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери
Жылына 1 жолу
100
Капиллярдуу вискозиметрлер
2 жылда 1 жолу
101
Заттардын жана материалдардын курамын жана касиетин текшерүүчү анализаторлор
Жылына 1 жолу
102
Биохимиялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
103
Коагулометрлер
Жылына 1 жолу
104
Иммуноферменттик анализаторлор
Жылына 1 жолу
105
Гематологиялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
106
Медициналык багыттагы глюкометрлер
Жылына 1 жолу
107
Кондуктометрлик анализаторлор
Жылына 1 жолу
5. Жылуулук-физикалык жана температуралык ченөөлөр
108
Температуралык лампалар
Жылына 1 жолу
109
Термоэлектрдик температураны өзгөрткүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери
Жылына 1 жолу
110
Газ калориметрлери
Жарым жылда 1 жолу
111
Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлери (В-08М, В-08МА тибиндеги)
Жылына 1жолу
112
Медициналык термометрлер
Өндүрүштөн чыкканда
113
Метастатикалыктан башка лабораториялык айнек термометрлер
2 жылда 1 жолу
114
Метастатикалык термометрлер
2 жылда 1 жолу
115
Айнек суюктук термометрлери
2 жылда 1 жолу
116
Бардык типтеги термометрлер (суюктуктан башка), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчи жолку приборлор
Жылына 1 жолу
117
УВПТ, УТТ жана окшош түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
118
Оптикалык пирометрлер
Жылына 1 жолу
119
Радиациялык пирометрлер
Жылына 1 жолу
120
Психрометрлер
Жылына 1 жолу
121
Психрометрикалык гигрометр (ВИТ-1, ВИТ-2 тибиндеги)
2 жылда 1 жолу
6. Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү токтогу электрдик жана магниттик чоңдуктарды ченөө
122
Электр энергиясынын үч фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери
4 жылда 1 жолу
123
Электр энергиясынын бир фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери
8 жылда 1 жолу
124
Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери
Чыгарган завод берген паспорттогу маалыматтарга ылайык
125
а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору
Электр энергиясынын бир фазалуу жана үч фазалуу эсептегичтерин текшерүү мөөнөттөрүнө ылайык
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору
Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда
126
Обочолотуунун электрдик бекемдигин сыноо, обочолотуунун жана жердетүүнүн каршылыгын өлчөө үчүн приборлор
Жылына 1 жолу
127
Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү талаанын магниттик индукциясын ченегичтер
Жылына 1 жолу
128
Электрдин өтүүсүн жана жоготуу бурчунун тангенсин өлчөө жана ченөө
Жылына 1 жолу
129
Ф1-2, Ф1-4 жана ушул сыяктуу типтеги фазанын калибраторлору
Жылына 1 жолу
130
Туруктуу жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун вольтметрлери:
- эталондук
- щиттеги
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу
131
Амперметрлер
- эталондук
- щиттеги
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу
132
Туруктуу жана туруктуу- өзгөрүлмөлүү токтун амперметрлери
- эталондук
- щиттеги
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу
133
Туруктуу жана туруктуу- өзгөрүлмөлүү токтун ваттметрлери
- эталондук
- щиттеги
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу
134
Киловольтметрлер
- эталондук
- щиттеги
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу
135
Фазометрлер
Жылына 1 жолу
136
Каршылык магазиндери
Жылына 1 жолу
137
Сыйымдуулуктун чени жана магазиндери
Жылына 1 жолу
138
Токтун жана чыңалуунун эталондук ченөө трансформаторлору
8 жылда 1 жолу
139
Электр энергиясынын эталондук эсептегичтери
2 жылда 1 жолу
7. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук ченөөлөр
140
Электр талаасынын чыңалуусун ченөө үчүн приборлор
Жылына 1 жолу
141
Энергиянын агымынын тыгыздыгын ченегичтер
Жылына 1 жолу
142
Кубаттуулукту ченегич жана ченөөчү бөрктөр
Жылына 1 жолу
143
Бошоңдукту өлчөөчү түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
144
Аттенюаторлор
Жылына 1 жолу
145
Вольтметрлер
Жылына 1 жолу
146
Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык)
Жылына 1 жолу
147
Импульстук генераторлорду текшерүүчү түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
148
Тоскоолдуктарды ченегичтерди текшерүү үчүн түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
149
Талаа чыңалуусунун ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
150
Ченөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды ченөө үчүн башка приборлорду текшерүүчү ченегичтер жана приборлор
Жылына 1 жолу
151
Сапаттуулуктун өлчөмдөрү жана ченегичтери
Жылына 1 жолу
152
Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы ченөө приборлорун текшерүүчү приборлор жана түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
153
Электростатикалык талаалардын деңгээлдерин ченегичтер
Жылына 1 жолу
154
ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги видеого тарткычы менен транспорт каражаттарынын ылдамдыгын ченегичтер
Жылына 1 жолу
8. Убакытты жана жыштыкты ченөө
155
Ч1-50, Ч1-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери
Жылына 1 жолу
156
Ч4-13 тибиндеги жана ушул сыяктуу убакыт жана жыштыктын эталондук сигналдарын кабыл алгычтар
Жылына 1 жолу
157
Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштыкты өзгөрткүчтөр, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр
Жылына 1 жолу
158
Механикалык жана электрдик секунда ченегичтер, хронометрлер, хроноскоптор жана убакыттын аралыгын ченөөчү приборлор жана түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
159
АУПМЧ, АКПЧ-1 жана башка типтеги жыштык ченөөчү түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
160
Туташтыруу узактыгын ченөө системасы
Жылына 1 жолу
9. Оптикалык жана оптика-физикалык ченөөлөр
161
Диоптриметрлер
Жылына 1 жолу
162
Поляриметрлер
Жылына 1 жолу
163
Рефрактометрлер
Жылына 1 жолу
164
Фотоэлектроколориметрлер
Жылына 1 жолу
165
Спектрофотометрлер, жалындуу фотометрлер
Жылына 1 жолу
166
Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферометрлер
Жарым жылда 1 жолу
167
Көз айнектердин сынам топтому
Өндүрүштөн чыкканда
168
Люксметрлер
Жылына 1 жолу
169
Сахариметрлер
Жылына 1 жолу
170
Нефелометрлер
Жылына 1 жолу
10. Виброакустикалык ченөөлөр
171
Ызы-чуу ченегичтери
Жылына 1 жолу
172
Ченөөчү микрофондор
Жылына 1 жолу
173
Октава, третьеоктава, ичке тилкелүү электр чыпкалары
Жылына 1 жолу
174
Акустикалык калибраторлор
Жылына 1 жолу
175
Виброметрлер жана виброөлчөөчү өзгөрткүчтөр
Жылына 1 жолу
11. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтын мүнөздөмөлөрүн ченөө
176
Иондоштуруучу нурлануунун дозиметрлери
Жылына 1 жолу
177
Жеке дозиметрлер
Жылына 1 жолу
178
Иондоштуруучу нурланууну ченөөчү универсалдык приборлор
Жылына 1 жолу
179
Рентгенометрлер
Жылына 1 жолу
180
Радиометрлер
Жылына 1 жолу
181
Лазердик дозиметрлер
Жылына 1 жолу
182
Селективдүү эмес радиометрлер
Жылына 1 жолу
12. Медициналык багыттагы ченөө каражаттары
183
Кардиографтар
Жылына 1 жолу
184
УЖЖ
Жылына 1 жолу
185
Электрофорез
Жылына 1 жолу
186
Төмөнкү жыштыктагы терапевттик аппараттар
Жылына 1 жолу
13. Бузбоочу контролдоо үчүн ченөө каражаттары
187
Ультраүндүү калыңдыкты ченегичтер жана дефектоскоптор
Жылына 1 жолу
188
Бардык типтеги дефектоскоптор
Жылына 1 жолу
».
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
- Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтому менен бекитилген )Положение · 27.09.2012 · № 664 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 27.09.2012 · № 664 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 февраля 1998 года №87 "Об утверждении Положения о порядке учета, приема, хранения и реализации горюче-смазочных материалов в Кыргызской…Постановление · 19.02.1998 · № 87 · Күчүн жоготкон