Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 7-декабры № 833 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасындагы "банктар менен башка финансылык-кредиттик уюмдарга" деген сөздөр "депозиттерди тартпаган финансылык-кредиттик уюмдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 17-статьянын 2-пунктунун 8-пунктчасындагы "биринчи же экинчи кезекте" деген сөздөр алып салынсын.
3. 27-16-статьясындагы "бир айдын" жана "бир айдан" деген сөздөр "он календардык күндүн" жана "он календардык күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 27-22-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы "карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө чечим күчүнө киргенден" деген сөздөр "өзү дайындалгандан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 55-статьянын 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Реструктуризациялоонун алкагында лицензиялар, соода маркалары жана автордук укуктар жаңыдан түзүлгөн юридикалык жакка карыз тарапка берилген шарттарда берилет.".
6. 67-статьянын 2-пунктундагы "бир жыл" деген сөз "үч жыл" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 71-статьянын 2-пунктундагы "(банктардан тышкары)" деген сөздөр алып салынсын.
8. 74-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Атайын администратор камсыз кылынган мүлктү өткөрүп берүүдө карыз тараптын каражатынын эсебинен берилип жаткан мүлккө баалоо жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде, күрөө менен камсыз кылынган кредитор камсыз кылынган мүлктүн бааланган наркы менен макул болбосо, карыз тарап өзүнүн каражаттарынын эсебинен баалоо жүргүзүүгө укуктуу. Камсыз кылынган мүлктүн бааланган наркы боюнча макулдашууга жетишилбесе, талаш-тартыш соттук тартипте чечилет.".
9. 75-статьянын 1-пунктундагы "аныктыгын" деген сөз "жана мыйзамдуулугун" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 86-статьянын 6-пунктунда:
биринчи абзацтагы "банкты консервациялоо учурунда тарткан каражаттар жагындагы чыгымдарды" деген сөздөр алып салынсын; экинчи абзацтагы "орду толтурулат" деген сөздөр ", эгерде кредиторлордун чогулушунда (соттук эмес тартипте) жана (же) сот тарабынан (соттук тартипте) башкасы белгиленбесе" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 91-статьянын 4-пунктундагы "ушул Мыйзамда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 95-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.
13. 96-статьяда:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Карыз тарап же кредитор талаптарына карата үчүнчү жактардын кепилдиги (гарантиясы) жок болгондо басма сөздө жарыялоо аркылуу карыз тараптын санациясын жүзөгө ашырууну каалаган юридикалык жактардын жана граждандардын конкурсун жарыялайт.";
2) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Эгерде жарыялангандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде карыз тараптын санациясын жүзөгө ашырууну өзүнө алууну каалаган жактар болбосо, же алар сунуш кылган санация шарттарына карыз тарап же кредитор макул болбосо, сотко карыз тарапты банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыз берилет.".
14. 97-статьяда:
1) 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сот карыз тараптын, кредитордун жана гаранттын ортосундагы санация жөнүндө маселени караганга чейин макулдашуу түзүлөт, анда санация жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары көрсөтүлөт.
2. Санация жүргүзүлүп жаткан учурда сот санация жөнүндө макулдашуунун шарттарын сактоо үчүн убактылуу администраторду дайындайт. Убактылуу администраторго сый акы карыз тараптын каражатынын эсебинен төлөнөт.";
2) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 532-VI "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.05.2016 · № 532-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 639-VI "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 02.06.2016 · № 639-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 391-VI "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.03.2016 · № 391-VI
Шилтеме берет (3)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон