# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-декабрындагы № 830 "Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-декабрындагы № 830 "Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 830
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18594/edition/694944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-декабрындагы № 830 "Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому (20.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98224

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 4-декабры № 830 Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө

Калкты социалдык коргоо чараларын ишке ашыруу жана балдардын укуктары менен байланышкан маселелерди кароодо аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 322 “Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
