# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 828
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18593/edition/1146516/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (03.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98223

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 3-декабры № 828 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын калкынын маалымат алуусун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакети:

- төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"

9

"Ала-Тоо-24" коомдук-маалыматтык телеканалы (Социалдык пакеттин 1-телеканалы)

Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК)

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
