Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ от 3 декабря 2015 года № 827 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын
декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө декларация Жогорку Кеңештин депутаты жеке менчик укугунда өзүнө таандык болгон кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте декларация берет. Кирешелерди жана чыгымдарды атайылап жашыруу менен байланышкан жана Кыргыз Республикасынын салык уюмдары тарабынан аныкталган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар Жогорку Кеңештин расмий басылмасында жарыяланууга тийиш”.
2-берене “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 15-берененин 1-бөлүгүнүн 31-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ - кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө декларация бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;”.
3-берене “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин кирешеси, чыгымдары жөнүндө жана алар менчиктөөгө укуктуу болгон мүлк жөнүндө маалыматтар Жарандар бажы органдарына кызматка кирүүдө, ошондой эле бажы органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу органга жыл сайын өздөрүнүн алган кирешелери, чыгымдары жана өздөрүнө менчик укугунда таандык болгон мүлкү жөнүндө, анын ичинде салык алуу объекттери болуп саналган юридикалык жактардын уставдык капиталындагы ээлеген акциялары, үлүштөрү жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү.”.
4-берене “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) өз кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенмелери жөнүндө маалымат бербегендиги же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергендиги үчүн, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жетелек балдарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенмелери жөнүндө билип туруп жалган маалымат бергендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмеге киргизилген мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамды кызматынан бошотуу үчүн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу үчүн негиз катары белгилөө;”;
2) 9-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Коррупциялык укук бузууларга барууга тартуу максатында ага кайрылган фактылар жөнүндө, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан коррупциялык укук бузуу фактылары, кирешелер, чыгашалар, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматты бербегендиги же атайылап туура эмес же толук эмес маалыматты бергендиги жөнүндө жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органына же башка мамлекеттик органдарга кайрылган мамлекеттик же муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосуна алынат.”;
3) 12-берененин 1-бөлүгү “кирешелер” деген сөздөн кийин “, чыгымдар” деген сөз менен толукталсын.
5-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 525-VI "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым…Постановление · 18.05.2016 · № 525-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 835-VI "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына…Постановление · 30.06.2016 · № 835-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-сентябрындагы № 907-VI "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына…Постановление · 22.09.2016 · № 907-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгашаларын декларациялоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 21.10.2016 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.08.2012 · № 153 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон