# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 825 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 825 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 825
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18591/edition/694938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 825 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98221

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-декабры № 825 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясында:

- 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун 6-пунктчасынын алтынчы абзацындагы "Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:

- 8, 9, 23 жана 24-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "СӨМ" деген аббревиатура "ЭСӨМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

18

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу

2015-2016- жылдардын аралыгында

Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл

Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору

Келишимдин долбоору

";

- 19 жана 20-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМЖМ" деген аббревиатура "ММК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- кыскартуулардын тизмесинде:

"СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр "ЭСӨМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын; "ЭМЖМ - Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр "ММК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 222 "Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын-эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
