# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 806
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18584/edition/1033943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98214

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 26-ноябры № 806 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Соода операцияларында же накталай акча банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу кызматтарды көрсөтүүдө эл менен жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөрдү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестри төмөнкүдөй мазмундагы 48-50-пункттар менен толукталсын:

"48. СП402ФР-К

49. MSTAR-650TK

50. MSTAR-TK".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
