Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди)
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 791 токтому менен бекитилди 2003-жылдын 25-декабрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Астана шаары, 2014-жылдын 7-ноябры Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 19-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5-берене.
1. Автоунаа каражаттары менен жүктөрдү ташуулар уруксаты жок ишке ашырылат:
1) эки Тараптын мамлекеттеринин ортосунда;
2) эки Тараптын мамлекеттеринин аймагы боюнча транзит менен.
2. Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын белгиленген жерге жеткирүүдө да уруксат талап кылынбайт.
3. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана үчүнчү мамлекеттин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташуулар экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынан алынган уруксаттын негизинде аткарылат.
Эгерде эки Тараптын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерде үчүнчү мамлекетинин аймагына/аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташууну ишке ашыруунун башка тартиби белгиленсе, анда мындай ташуулар ошол эл аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.". 2-берене. Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Айдоочуларда өзү башкарган унаа каражаттарынын категорияларына тиешелүү улуттук же эл аралык айдоочунун күбөлүгү жана автоунаа каражатына улуттук каттоо документтери болушу керек. Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын дайындалган жерге жеткирген учурда айдоочуларда мындай автоунаалык каражаттарга убактылуу каттоо документтери болушу керек.". 3-берене. Бул Протокол, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет. Астана шаарында 2014-жылдын 7-ноябрында кыргыз, казак жана орус тилдеринде, ар бири эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о международном автомобильном сообщении, подписанное 25 декабря 2003 года в городе…Соглашение · 25.12.2003
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 791 "2014-жылдын 7-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан…Постановление · 20.11.2015 · № 791