# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 559
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18579/edition/748957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (05.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98204

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 5-августу № 559 Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө Калдыктарды башкаруу системасын түзүү максатында, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министр. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Т.Д. Сарпашев
