Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 18-ноябры № 783 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Чарбалык
шериктиктер жана коомдор жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”,
“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
1-берене “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 39-беренеде: биринчи бөлүгү төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын: “Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) акыркы отчеттук жылда же акыркы үч жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;
2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;
3) коомдун финансылык отчету көз каранды эмес аудитордун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;
4) башкаруунун төмөнкүдөй органдарынын болушу:
а) катышуучулардын жалпы чогулушу;
б) директорлор кеңеши;
в) аткаруу органы;
г) текшерүү комиссиясы;
5) корпоративдик башкаруу кодексинин болушу.
Облигацияларды чыгаруу үчүн кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык теңдемин бекитүүгө тийиш, ошондой эле ушул берененин талаптарына ылайык келиши керек.”; төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: “3. Облигациялардын эмитенти болуп саналган чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруу кодекси - катышуучулардын жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин өз ара мамилелерин жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган коомдун ички документ колдонулат.”.
2-берене “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“корпоративдик башкаруунун кодекси - акционерлердин жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин өз ара мамилелерин жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган коомдун ички документи;”.
2) 27-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи - он экинчи абзацтар менен толукталсын:
“Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) акыркы отчеттук жылда же акыркы үч жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;
2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;
3) коомдун финансылык отчету көз каранды эмес аудитордун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;
4) корпоративдик башкаруу кодексинин болушу.
Облигацияларды чыгаруу үчүн кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык теңдемин бекитүүгө тийиш, ошондой эле ушул берененин талаптарына ылайык келиши керек.”.
3-берене “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 16¹-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “- аяктаган финансылык акыркы үч жыл үчүн же эгерде эмитент өз ишин үч жылдан кем эмес ишке ашырып жаткан болсо аяктаган финансылык эки жыл үчүн эмитенттин жылдык бухгалтердик отчетторунун көчүрмөлөрү;
- берилген бухгалтердик отчетко карата (САРтын (бухгалтер практиктин сертификаты бар) эл аралык сертификаты бар, CIPAнын же CPAнын (Certifitied Public Accountant) (эл аралык кесипкөй бухгалтердин сертификаты бар) аудиторунун корутундусу;
- проспектини түзгөн учурга акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөсү;
- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү.”.
4-берене Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
5-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- 2016-жылдын 10-февралындагы № 261-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар…Постановление · 10.02.2016 · № 261-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 364-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор…Постановление · 10.03.2016 · № 364-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 476-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор…Постановление · 21.04.2016 · № 476-VI
Шилтеме берет (5)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон