Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 мая 2016 года № 269 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-19.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-ноябры № 775 “Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Т.А. Сариев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө
1-берене Контрафакттык товарларды контрабандалык алып келүүнү жана жүгүртүүнү эсепке алууну, ошондой эле анын алдын алууну жакшыртуу максатында товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо киргизилсин.
2-берене Эсепке алуу-контролдоо маркасы - товарлардын айрым түрлөрүн эсепке алуу жана жүгүртүлүшүн контролдоону ишке ашыруу максатында аларды идентификациялоого жана маркалоого арналган, коргоонун зарыл болгон даражалары бар атайын бир жолу колдонулуучу чаптама. Эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-берене Эсепке алуу-контролдоо маркаларын даярдоого, эсепке алууга жана берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик орган заказ берет. Эсепке алуу-контролдоо маркаларынын колдонулушун контролдоо төмөнкүлөр боюнча ишке ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келинүүчү товарлар боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан алып келинүүчү товарлар боюнча.
4-берене Эсепке алуу-контролдоо маркаларын эсепке алуунун, берүүнүн, колдонуунун жана контролдоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
5-берене Эсепке алуу-контролдоо маркаларын жасалма жол менен даярдоо, колдонулгандарын кайрадан пайдалануу же Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүү, эсепке алуу-контролдоо маркаларын чаптабастан эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды сактоо жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.
6-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2016 · № 269 · Күчүн жоготкон