Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-ноябры № 807 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 155-статьянын 2-бөлүгү "жөнүндө иштер," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) жөнүндө же сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө доолор боюнча иштер" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 4-февралындагы № 243-VI "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 04.02.2016 · № 243-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 349-VI "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 10.03.2016 · № 349-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 428-VI "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 06.04.2016 · № 428-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон