# КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 794 "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 794 "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 794
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18566/edition/748945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 794 "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (20.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-ноябры № 794 "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламента жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) .ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндѳ Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 1 грантын берγү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнѳлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене Бишкек шаарында 2015-жылдын 6-июлунда кол коюлган ."Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси – жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Кыргыз Республикасы.тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчунө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
