# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 797 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 797 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 797
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18565/edition/748943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 797 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98190

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-ноябры № 797 «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилcин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 1998-жылдын 10-июну, № 71-72) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 19-статьяда:

- аталышындагы, биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүктөрүндөгү “Мамлекеттик нотариалдык архив”, “мамлекеттик нотариалдык архив”, “Мамлекеттик нотариалдык архивдин” деген сөздөр “Ведомстволук нотариалдык архив”, “ведомстволук нотариалдык архив”, “Ведомстволук нотариалдык архивдин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 32-статьядагы “Мамлекеттик нотариалдык архивдердеги” деген сөздөр “Ведомстволук нотариалдык архивдеги” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
