# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 793
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18561/edition/748935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98186

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-ноябры № 793 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын колбашчысы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Рсспубликасынын Салык кодексиие өзгөртүү киргизγү жөнүндө

1-берене Кыргьп Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1. 167-берененин 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20) аскер., кызматчыларынын. ички иштер маселелерин гейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, бангизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшγ жана азык-түлүк паегунун ордуна берилген компенсациялар түрүндөгү кирешелери;".

2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
