# КР Өкмѳтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 777 "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмѳтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 777 "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 777
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18554/edition/1108311/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмѳтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 777 "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98178

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-ноябры № 777 «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн расмий ѳкүлдѳрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Жергилbктγγ өз алдынча башкаруу жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртγγ киргизγγ тууралуу

1 -берене «Жергиликтγγ аз алдынча башкаруу жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж.. № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 20-берененин 6-бөлүгүнүн 12-пункту төмѳнкүдөй редакцияда баяндалсын: «12) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсундөгү ыйгарым укуктар;». 2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин кγчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
