Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнγн «Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жѳнүндѳ» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 декабря 2025 года № 849 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в области аудиторской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-ноябры № 776 Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жѳнүндѳ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) Аудиторлордун квалификациясына жана тажрыйбасына минималдык талаптарды белгилѳѳ максатында, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү аудиторлорго коюлуучу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ачык компаниялар аудитордук уюмду тандоодо ушул токтомдун тиркемесине ылайык талаптарды жетекчиликке алуулары зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндѳн он беш күн өткѳндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктѳлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудиторлорго коюлуучу ТАЛАПТАР (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдун аудитору акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Финансы отчетунун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык түзүлгөн 10дон (он) кем эмес финансы отчетунун аудитин жүргүзүү тажрыйбасына ээ болушу керек. Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдун штатында жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келген 2ден (эки) кем эмес аудитор болушу керек. Аудитордук уюм бир ачык компанияда катары менен 5 (беш) жылдан ашык милдеттүү аудит жүргүзө албайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аудитордук иш жаатындагы айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 30.12.2025 · № 849
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар…Постановление · 18.08.2017 · № 503 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аудитордук иш жаатындагы айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 30.12.2025 · № 849
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.