# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-октябрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-октябрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 689
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18546/edition/816639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-октябрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98170

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 7-октябры № 689 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимге ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:

- 14-пункттун биринчи абзацындагы "бажы органдары берген документтер (бажылык кириштөө ордери же жүктүн бажы декларациясы)" деген сөздөр "бажы жана чек ара органдары берген документтер (бажылык кириштөө ордери же жүктүн бажы декларациясы, мамлекеттик контролдон өткөнү жөнүндө талону)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

1-тиркеме

"Форма Мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө ТАЛОН

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү датасы жана убагы 20\_\_\_-жылдын "\_\_"- \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ "\_\_\_\_\_\_\_\_\_ с. \_\_\_\_\_\_\_\_\_ мин."

Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын штампынын орду

ташып кирүү

ташып чыгуу

Өткөрүү пункту \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Автотранспорт каражаты (АТК)

(жүк ташуучу, автобус, жеңил башка)

астын сызуу керек

АТК маркасы жана мамлекеттик номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ АТК таандык болгон өлкө \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жүктү жөнөтүүчү

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

юр. жактын ИСН, аталышы жана дареги/жеке адамдын/ЖИ аты-жөнү

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жүктү алуучу

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

юр. жактын ИСН, аталышы жана дареги/жеке адамдын/ЖИ аты-жөнү

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Товардын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

ТЭИТН кодунун биринчи эки позициясы

Товардын баасы жана валютанын аты \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Товардын салмагы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кийин каттоо максатында автотранспорт каражатын ташып кирүүдө толтурулат: VIN (кузовдун номери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ АТК тиби \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кыймылдаткычтын көлөмү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Чыгарылган жылы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Талонду толтурган адамдын аты-жөнү жана паспорттук маалыматтары (сериясы, номери, ким жана качан берген) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Талонду толтурган адамдын колу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_".

2-тиркеме "Мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө талонду берүү ТАРТИБИ

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө талонду берүү жол-жобосун аныктайт.

2. Ыйгарым укуктуу салык органы менен мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү ушул Тартиптин жана жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын биргелешкен чечими менен бекитиле турган Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасындагы бардык автомобилдик өткөрүү пункттарын алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша талондор менен өз алдынча камсыздайт.

4. Талонду берүүнүн орду болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасындагы автомобиль өткөрүү пункттары эсептелет.

5. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасын кесип өтүүнүн (товарды ташып кирүүнүн/ташып чыгуунун) датасы болуп мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү койгон талондогу штампта көрсөтүлгөн дата саналат.

6. Талон ташуучу тарабынан автомобилдик өткөрүү пункттарында эки нускада толтурулат. Товарды жеңил транспорт менен ташыганда (ташып чыгууда/ташып кирүүдө) талонду жеке жактар ыктыярдуу негизде толтурушат, калган учурларда ушул Тартиптин 7 жана 13-пункттарында каралгандан башка учурларда талонду толтуруу милдеттүү болот.

Ташуучу деп жүктүн (товардын) ээси (юридикалык жак же жеке адам) же жүк (товар) үчүн жооптуу адам эсептелет, талон анын атына таризделет.

7. Жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөдө талон толтурулбайт.

8. Талонду толтурууда оңдоолорго, чийип жана боёп салууга жол берилбейт. Оңдоолор, чийип жана боёп салган оңдоолору бар талон жараксыз деп эсептелет.

9. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жооптуу кызматкери талондо толтурулган маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын, ошондой эле ташуучу талондун эки нускасында көрсөткөн маалыматтардын бирдейлигин текшерет жана "дата-штамп" түрүндөгү кызматтык белги коёт.

10. Талондун бир нускасы Талонду толтурган ташуучуга кайтарылат. Талондун экинчи нускасы автомобилдик өткөрүүчү пунктта (мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүшүндө) калат.

11. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жооптуу адамдары толтурулган талондорду ыйгарым укуктуу салык органынын тийиштүү аймактык органынын жооптуу адамына ай сайын өткөрүп берүү үчүн пакеттерге (пачкаларга) 100 даанадан ашпаган көлөмдө топтойт (алардын номерлери ирети менен болот).

12. Ташуучу талонду толтуруудан баш тарткан учурда, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жооптуу кызматкери ушул факт боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен чечими менен бекитилүүчү аныкталган формадагы акт (эки нускада) түзөт.

Актынын бир нускасы тиешелүү журналга ал тууралуу маалыматты киргизүүдөн кийин колдонулган талондор менен кошо ыйгарым укуктуу салык органынын тийиштүү аймактык органына берилет.

13. Жеке адамдар жүктөрдү жеке муктаждык үчүн өткөргөндө (ташып келүүдө/ташып чыгууда) талон толтурулбайт.

14. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден автотранспорт каражаттарын ташып кирүүдө талонго автотранспорт каражатын автотранспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо үчүн керектүү болгон кошумча маалыматтар киргизилет.

15. Талон жоголгон (бузулган) учурда, ташуучу тиешелүү ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү аймактык органына жана (же) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө анын көчүрмөсүн алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү аймактык органы жана (же) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү талондун көчүрмөсүн ташуучу арыз берген датадан тартып 3 иш күндүн ичинде берет.

16. Ташуучу тарабынан жүктү (товарды) ташууда жана чек араны иш жүзүндө кесип өтүүдө толтурулган талондо көрсөтүлгөн маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер табылганда, ташуучу мамлекеттик чек араны кесип өткөн датадан кийин 10 күндөн кечикпестен мамлекеттик чек араны иш жүзүндө кесип өткөн датаны көрсөтүү менен жаңы талонду толтурууга укуктуу.

Биринчи толтурулган талон мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүнүшүнө ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү аймактык органына өткөрүп берүү үчүн кайтарылат.

17. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жооптуу кызматкерлери ар бир өткөрүү пунктунда талондордун эсебинин реестрин жүргүзүшөт.

18. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан талондун бланктарын жасоодогу брак, бузулганы же жоготулгандыгы табылганда, бул факт боюнча (бланктын реквизиттерин көрсөтүү менен) ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү аймактык органына өткөрүп берүү үчүн акт түзүшөт.

19. Талондор мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын берген арыздарынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан даярдалат.

Арыздарды берүү борборлоштурулган тартипте жүргүзүлөт.".
