# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 770
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18543/edition/1108794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98165

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-ноябры № 770 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-пунктундагы "358", "184" жана "117" деген цифралар тиешелүү түрдө "427", "234" жана "136" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 10-пунктундагы "362", "74" жана "11" деген цифралар тиешелүү түрдө "402", "81" жана "44" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 13-пунктунда:

"Социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "1510,5", "78" жана "1014" деген цифралар тиешелүү түрдө "1865,5", "108" жана "1339" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

16

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик

248

анын ичинде:

- борбордук аппарат

47

- ведомствого караштуу бөлүктөр

8

- аймактык бөлүктөр

193

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 27-2-пункт менен толукталсын:

"

27-2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы

59

анын ичинде:

- борбордук аппарат

48

- ведомствого караштуу бөлүктөр

11

"; жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

- 4-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы," деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги," жана "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги," деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:

"

7-1

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

6

".

2. Ушул токтомдо аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери:

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- структурасын жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка толук чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
