Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-11-16.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-ноябры № 768 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин, функцияларын бөлүштүрүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү менен жоюлсун:
- борбордук аппараттан 50 бирдик санындагы штаты менен энергетика жана өнөр жай саясаты функциялары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ведомстволук мекемелери жана ишканалары.
2. Төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетине;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү функциялардан тышкары, төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына Социалдык өнүгүү жана ишкердик институту, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин карамагына Жаштардын эмгек биржасы; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин борбордук аппаратынан 30 бирдик жана аймактык бөлүмдөрүнөн 325 бирдик санындагы штаты менен эмгек жана ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү функциялары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттар; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин борбордук аппаратынан 7 бирдик жана аймактык бөлүмдөрүнөн 7 бирдик.
3. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, мында кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин борбордук аппаратынан; 18 бирдик жана аймактык бөлүмдөрүнөн 40 бирдик санындагы штаты менен жаштар чөйрөсүндөгү функциялары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттар; "Манас" республикалык жаштар ордосу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы, мында кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
борбордук аппараттан 48 бирдик санындагы штаты менен миграция чөйрөсүндөгү функциялары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттар; Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору.
4. Кайра түзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилери:
- бир жумалык мөөнөттө кайра түзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын активдерин жана пассивдерин белгиленген тартипте кабыл алуу жана өткөрүп берүү үчүн комиссия түзүү боюнча сунуштарын киргизишсин;
- эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү даярдашсын жана киргизишсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте жоболордун, башкаруу схемаларынын жана штаттык сандарынын долбоорлорун; ченемдик укуктук актыларга ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды; ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрүшсүн;
- штатты өткөрүп берүүдө ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеп турган мамлекеттик органдардын кызматкерлери өткөрүп берилүүчү функцияларды аткаруу үчүн которулууга тийиш экендиги көңүлгө алышсын.
5. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин биринчи орун басарларына мамлекеттик башкаруунун тиешелүү тармактарындагы жана чөйрөлөрүндөгү чектеш функцияларды ишке ашырууда ведомстволордун ортосунда сапаттуу жана өз убагында аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн жеке жана ортоктош жоопкерчилик жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 29-январындагы № 53 «Сүлүктү шаарынын 2017–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020–жылдарга болжолун бекитүү…Постановление · 29.01.2018 · № 53
- Сүлүктү шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 129 "Сүлүктү шаарынын 2015–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылдын бюджети жана 2017-2018–жылдарга болжолун бекитүү…Постановление · 17.02.2016 · № 129
- Сүлүктү Шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 10-февралындагы №9 "Сүлүктү шаарынын 2016–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө"…Постановление · 10.02.2017 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнундагы № 259-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул…Распоряжение · 13.06.2016 · № 259-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 437-б (Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Эл аралык финансы…Распоряжение · 28.09.2017 · № 437-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын" НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-июлундагы № 423 токтому менен бекитилген)Стратегия · 05.06.2017 · № 423 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.05.2012 · № 317 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2015 · № 854 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 25-январындагы № 27 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин…Распоряжение · 25.01.2016 · № 27 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 240 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 25.04.2017 · № 240 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.11.2015 · № 11-VI · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.11.2015 · № 10-VI · Күчүн жоготкон