Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 декабря 2018 года № 648 "О мерах по передаче функций по администрированию страховых взносов по государственному социальному страхованию"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-31.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-ноябры № 763 Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп:
- ушул токтомдун 2-пунктунда аталган райондор, төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
- калган райондор жана шаарлар, төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирге ушул токтомдун 1-пунктунда каралган функцияларды жана ыйгарым укуктарды этап-этабы менен ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгында жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгында төмөнкүлөргө карата жүргүзсүн:
- жалданма кызматкерлери жок жеке ишкерлерге карата - 2015-жылдын 1-декабрынан тартып;
- жалданма кызматкерлери бар жеке ишкерлерге, жер үлүшүнө же анын бөлүгүнө ээ, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган жеке жактарга, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларына карата - 2016-жылдын 1-мартынан тартып;
- юридикалык жактарга жана юридикалык жакты түзгөн дыйкан (фермердик) чарбаларына карата - 2016-жылдын 1-майынан тартып.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- веб-сервистер аркылуу маалыматтарды борборлоштурулган алмашууну;
- веб-сервистер аркылуу ыйгарым укуктуу коммерциялык банктардан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүлөрү жөнүндө маалыматтарды салыштырууну жана эсепке алууну.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон санда камсыздандыруу полистеринин бланктарын жана юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирге пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча 2017-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун натыйжалары жөнүндө отчетту жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Коммерциялык банктарга камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктар боюнча төлөмдөрдү кабыл алууда идентификациялык салык номеринин жана жеке идентификациялык номеринин болушун жана туура көрсөтүлүшүн текшерүү сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү…Постановление · 31.12.2018 · № 648
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтомуПостановление · 03.03.2017 · № 139
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 648
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 "Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча…Постановление · 03.03.2017 · № 139 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү…Постановление · 31.12.2018 · № 648
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 154