# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 761
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18536/edition/748879/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (06.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98156

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-ноябры № 761 Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартиби жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-ноябрындагы № 711 "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
