# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 751
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18532/edition/748869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98151

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 751 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомунун 2015-жылдын 1-июнундагы абалына карата 2009-жылдын 13-июлундагы № 8-209/132 карыздык милдеттенмеси боюнча кредиттик карызын төмөнкү шарттарда реструктуризацияласын:

- карызды төлөө мөөнөттөрүн квартал сайын бирдей төлөмдөр менен 2018-жылдын 15-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгилесин;

- кредит пайызсыз;

- айыптык санкцияларды мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6 пайыз айып өлчөмүндө белгилесин;

- жогоруда аталган шарттарды эске алып жана 2009-жылдын 13-июлундагы № 8-209/132 карыздык милдеттенме боюнча берилген күрөөлүк камсыздоо (гидрометаллургия заводунан жана Борбордук илимий-изилдөө лабораториясынан тышкары, "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомунун бардык мүлкү) шарттарын сактоо аркылуу "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коому менен кошумча макулдашуу түзсүн.";

- 3-пункттагы "энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө" деген сөздөр "өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
