Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 «Карабалта кен комбинаты» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 751 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомунун 2015-жылдын 1-июнундагы абалына карата 2009-жылдын 13-июлундагы № 8-209/132 карыздык милдеттенмеси боюнча кредиттик карызын төмөнкү шарттарда реструктуризацияласын:
- карызды төлөө мөөнөттөрүн квартал сайын бирдей төлөмдөр менен 2018-жылдын 15-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгилесин;
- кредит пайызсыз;
- айыптык санкцияларды мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6 пайыз айып өлчөмүндө белгилесин;
- жогоруда аталган шарттарды эске алып жана 2009-жылдын 13-июлундагы № 8-209/132 карыздык милдеттенме боюнча берилген күрөөлүк камсыздоо (гидрометаллургия заводунан жана Борбордук илимий-изилдөө лабораториясынан тышкары, "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомунун бардык мүлкү) шарттарын сактоо аркылуу "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коому менен кошумча макулдашуу түзсүн.";
- 3-пункттагы "энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө" деген сөздөр "өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябры № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндөПостановление · 16.10.2008 · № 579 · Күчүн жоготкон